• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров ЕБнын Борбор Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала баштаган делегацияны кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Европа Биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү өнөктөшү болгон Европа Биримдиги менен көп жааттуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди.

Буга байланыштуу ал Брюсселге иш сапары менен барып, Европа Биримдигинин жетекчилиги менен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоону көздөгөнүн кошумчалады.

Садыр Жапаров кызматташуунун негизги багыттары катары соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды жана каржылык-техникалык алакаларды белгиледи.

Тараптар 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте мерчемделген Борбордук Азия - Европа Биримдигинин I экономикалык форумун Борбор Азия мамлекеттери жана ЕБ жетекчиликтери, бизнес жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.

Демократия, адам укуктары жана жарандык коом маселесине токтолгон мамлекет башчысы, өлкөдө аталган маселелерге жана сөз эркиндигине чоң көңүл буруларын, ММК өкүлдөрү айткан пикирлери үчүн куугунтукталбай, Кыргызстан демократиялык багытынан кайра кайтпай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, ЕБ байкоочуларын өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырып, европалык өнөктөштөр менен, анын ичинде ЕБнын Борбор Азиядагы жаңы стратегиясынын алкагында да активдүү диалогго даяр экенин билдирди.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Кыргызстан менен ЕБнын эки жана көп тараптуу кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин айтып, ЕБ интенсивдүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары улантууга даяр экенин белгиледи.

Ал европа тарап үстүбүздөгү жылда президент Садыр Жапаровдун ЕБга келишин күтүп жатканын билдирди.

Региондогу күн тартибине токтолгон Тери Хакала Кыргызстандын Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Өз кезегинде ЕБнын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандын демократиялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдөгү лидерлиги жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө канааттануу менен белгиледи.

Европа тарап биргелешип иштөө боюнча чоң пландарды эске алуу менен, өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча жигердүү жана ар тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин дагы бир жолу билдирди.

Пикир

Оставить комментарий