• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров Эбрахим Раисини Ирандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.06.21./Катар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Иран Ислам Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргызстан менен Ирандын мамилелери ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделип келген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин эки жана көп тараптуу негизде өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Эбрахим Раисиге бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий