• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров менен Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары буга чейин жетишилген бардык келишимдерди сакташарын жана өлкөлөрдүн аймактарын жана чек араларын өз ара урматтай тургандыктарын белгилешти. Президенттер ошондой эле чек арада түзүлгөн кырдаал тезирээк жөнгө салынарына ишенерин билдиришти.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары эки тараптын чек ара аймактарынан бардык аскер техникалары чыгарыла тургандыгын дагы бир жолу тастыкташты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасынын периметриндеги бардык аскердик техникаларга ревизия кылуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен комиссиясын түзүүнү макулдашышты.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон азыркы учурда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары бардык маселелерди чечүү боюнча биргелешип иштеп жаткандыгын баса белгилешти.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтырууга таасир этүүчү чагымдарга жол бербөө зарылдыгын өзгөчө белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий