• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макамы кандай учурда алына тургандыгын айтты

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макамы кандай учурда алына тургандыгын айтты.

Жапаровго "Эгерде коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун тиешеси бар экендиги аныкталса, анда ал экс-президент макамынан ажыратылып, жоопкерчиликке тартылабы?", - деген суроо узатылды.

"Эгерде анын чынында эле оор кылмыштарга катыштыгы болсо, анда бардыгы мыйзам чегинде каралат. Азырынча анын эч кандай кылмышы жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий