• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандар үй карантин жана изоляциянын эрежелерин сактабай жатат - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

ишкек, 26.03.20. /Кабар/. Үй карантинге алынган жарандар көчөдө эркин басып жүрүшөт жана изоляциянын эрежелерин сактабай жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн карантинди жана өзүн-өзү изоляцияга алууну милдеттүү түрдө аткырыш керек.

"Тилекке каршы, үй карантинге алынган жарандар көчөдө эркин басып жүрүшөт жана изоляциянын эрежелерин сактабай жатат. Мындай кылганга болбойт! Карантиндин талаптарын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын унушпашыбыз керек”, - дейт Акматова.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий