• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандар, унаалар карантиндик посттордон жүйөлүү себептер болбогон учурда өткөрүлбөйт – ӨКМ

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Жарандар, унаалар карантиндик посттордон зарылдыгы жок, жүйөлүү себептер болбогон учурда өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда 14 адамда коронавирус аныкталды. Аны менен бирге, ал ооруга чалдыккандар аныкталган Жалал-Абал облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен районунда өзгөчө кырдаал киргизилгенин айтып өттү.

"Анын жайылышын токтотуу үчүн 22-марттан тарта республика боюнча өзгөчө кырдаал киргизилди", - деди ал.

Анын айтымында, азыр жарандардын ортосундагы карым-катнашты азайтуу менен коронавирустун жайылышына бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Үч облуста карантиндик посттор уюштурулду. Бул карантиндик посттордо ӨКМ, ИИМ саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери иштешет. Алардын милдеттери жарандардын, унаалардын бир жерден бир жерге жүрүүсүн азайтуу", - деди ал.

Ал белгилегендей, жарандар, унаалар карантиндик посттордон зарылдыгы жок, жүйөлүү себептер болбогон учурда өткөрүлбөйт.

"Эч кимди бастырбайт экен, жылдырбайт экен деп айтылып жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Эч ким өткөрүлбөйт деген катуу талап жок. Зарылчылык болгон учурларда, ооруп калгандар болсо, андан тышкары күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөрдү ташып жаткандарга эч кандай тоскоолдук болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий