• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жаш канат” ансамблинин спектакли Москвада баш байгени жеңип алды

Коом 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Д.Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин «Жаш канат» элдик хореографиялык ансамблинин “Живи и помни” спектакли Москвада өткөн “1941-жылдын алмалары” жаштар театрынын эл аралык сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спектакль Орус драма театрында кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланып, көрсөтүүнүн соңунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга сыйлыктарын тапшырды

Буга чейин ансамблдин көркөм жетекчиси Канат Фаткулин сыйлыкты алуу үчүн Москвага учуп кеткен.

Ошондой эле спектаклдин режиссёру жана сценаристи, «Жаш канат» фольклордук хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Канат Фаткулин «КМШ шаарларын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» эстелик төш белгиси менен сыйланды.

"Адамзаттын эң каргашалуу убакыттарынын бир бий, ыр, монологдор аркылуу берилген. Жаш актерлордун оюну эч кимди кайдыгер калтырган жок". - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий