• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаштардын спирт ичимдиктерин колдонуусун алдын алуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Бишкекте жаштардын арасында насвай, тамеки чегүү спирт ичимдиктерин ичүүнүн алдын алуу боюнча форум болуп өттү. Жолугушууга шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү чакырылган. Форумга Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков катышты.

Бул тармакта иликтөө жүргүзгөн эл аралык уюм үч жыл аралыгында аткарган изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Уюм бул долбоорду Свердлов районунда орун алган Бакай-Ата жана Келечек жаңы конуштарында ишке ашырган. Анда айрым дүкөн ээлери аталган долбоорду колдоп, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, насвай жана тамеки сатуудан баш тартышкан.

Мындан тышкары мечиттердин өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери, мугалимдер Бишкектеги жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, долбоор дени сак жашоо образына үндөгөн ар кандай иш чараларды уюштурган. Уюштуруучулардын айтымында, долбоор Бишкекте, ар кайсы облустардагы 5 айылда жана Свердлов районундагы айрым жаңы конуштарда ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий