• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", - деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Султанбаев.

Эскерте кетсек, 23 июлда Чолпон-Ата шаарында баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумуп, бирөө жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий