• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жашылдандыруу акциясы. Бишкектин тургундары эми өз алдынча бак өстүрө алышат

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын багбандары “Эко Деми” коомдук фонду менен биргеликте жашылдандыруу акциясын жарыялоодо.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, акциянын максаты — жашыл мейкиндиктерди толуктоо жана борбордун экологиялык имиджин сактоо болуп саналат.

“Эми шаардыктар шаарда өз алдынча бак өстүрө алышат, буга “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардам беришет. Акцияга катышууну каалагандар 0504 21 06 00, 0701 321 014 номерлерине же Ташкент көчөсү №17 дарегине кайрыла алат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий