• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖЭБдеги авария. Садыр Жапаров жабыркагандардын абалынан кабар алды

Президент 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкек ЖЭБне келишти.

Пикир

Оставить комментарий