• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЕЭК Молдованын ЕАЭБ байкоочусу макамын алуу ниетин колдоду – А.Атамбаев

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеши Молдованын Евразия экономикалык биримдигинин байкоочусу макамын алуу ниетин колдоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн ЖЕЭК жыйынында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш тар чөйрөдөгү жыйында үч чечим кабыл алды. Алардын бири Молдованы байкоочу катары колдоо болуп саналат.

“Экинчиси – Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБ алдында байкоочу-мамлекет макамын ишке ашыруу тартибин иштеп чыгуу тапшырылган. Үчүнчүсү – биз Молдовага ЕАЭБдин байкоочу-мамлекети макамын 2-пунктта каралган чечимдин тартибин бекиткен соң берүүнү чечтик”, - деди ал.

Алмазбек Атамбаев бул жыйынга Молдованын катышуусун кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий