• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев БУУнун жаңы дайындалган туруктуу координаторун кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы туруктуу координатору Кристин Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу Кристин Антье Гравени БУУнун КРдагы тутумунун жаңы туруктуу координатору катары аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземинен башталды.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун эки тараптуу кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Маектин жүрүшүндө 2022-жылдын 10-июнунда кол коюлган Туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу боюнча БУУнун кеңсесинин Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду.

БУУнун координатору Кристин Антье Граве Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча иштерди улантууга даярдыгын билдирди.

Өз учурунда Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтөрүнө ишендирди. Ошондой эле ал тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемасын сактоо маселелери боюнча КР тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кабарлады.

Тактап айтканда, Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган «Жаратылыш чектөөнү тааныбайт…» жана «2022-жыл — Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп аталган БУУнун резолюциялары кабыл алынганы айтылып, Кыргызстандын өлкөлөр, БУУнун институттары жана кызыкдар тараптардын баары менен кабыл алынган резолюцияларды жана келечектеги эл аралык демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууга умтулары белгиленди.

БУУнун туруктуу координатору аталган демилгелердин маанилүү экенин белгилеп, Тышкы иштер министрлиги жана КРнын тийиштүү органдары менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий