• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулубаев Гватемаланын ТИМ башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 13-январда Гватемала тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гватемаланын тышкы иштер министри Марио Флорес телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев өзүнүн кесиптешине 2022-жылдын 11-октябрында Нью-Йорк шаарында шайлоо өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 2023-2025-жылдарга Кыргызстандын талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий