• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Венгрияга барат

Саясат 0

Бишкек, 23.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Венгрияга барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы астында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйыны өткөрүлүшү пландалууда.

Мындан тышкары, КР ТИМ башчысынын Венгрия парламентинин, Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле башка жолугушуулар белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий