• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: 2026-жылга чейин өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлөт

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын ирригацияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы 51 миӊ гектар жердин мелиоративдүүлүгү жакшырып, 9,5 миӊ гектар жер насостук сугаруудан өз нугу менен сугарууга өтүп, кошумча 245 миӊ жумушчу орду түзүлөрүн кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков бул мамлекеттик программа 2026-жылга чейин үч этапка бөлүп аткарыларын белгиледи.

Биринчи жана экинчи этапта 2024-жылга чейин 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Аларды каржылоо суммасы 259,1 млн. долларды түзөт.

2018-2019-жылдары республика боюнча 1364 гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүп, 3296 гектар сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулаган, 3869 гектар жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жасалган жумуштар дыйкан, фермерлерге чоң жөлөк болуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыларын өзгөчө баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий