• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Ачык коомдун парламенти сын пикирлерге дайыма ачык болуш керек

Президент 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Ачык коомдун парламенти өз ишин жакшыртуу үчүн сын пикирлерге дайыма ачык болуш керек. Өнүгүп келе жаткан демократия үчүн бул — табигый көрүнүш. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеӊештин дарегине коомчулук тарабынан айтылган абдан курч сын пикирлер болду.

"Бүгүн Кыргызстан — парламенттик демократиянын жолун тандаган республика. Эл аралык аренада өлкөбүздүн „демократиянын аралы“ катары таанылышына, биринчи кезекте, парламент эмгек сиӊирди", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Анын айтымында, азыр коомдогу баардык курч маселелер, элдин көйгөйлөрү, айрым көмүскөдө калган суроолор парламенттин трибунасында көтөрүлүп, коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

"Оппозициянын жана жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат. Бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок десек болот. Биз — ачык коомбуз, баардык нерсе айтылат, баардык иштер элге жетет. Бийлик бутактарынын ачык-айкын иштешине, мамлекеттик чечимдердин элге жеткиликтүү болушуна, албетте, парламент зор салым кошту. Парламент өзүнүн негизги функцияларын — өкүлчүлүк кылуу, мыйзам чыгаруу, көзөмөл жүргүзүү — үчөөнү теӊ ийгиликтүү аткарып келе жатат", - деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине карата "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги" темасындагы илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кыргыз парламентинин экс-спикерлери менен экс-депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий