• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков аэропорттогу каргашалуу окуяга байланыштуу Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда учак кырсыкка учуруп, «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий