• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвадагы учак кырсыгынан 41 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Россиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Учакка ээлик кылган «Аэрофлот» авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 жүргүнчүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж мүчөсү, анын ичинде учкучтар аман калышкан.

5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган.

«Аэрофлот» компаниясынын маалымат катчысы бул белгиленген убакыттан тез болгонун билдирүүдө. Бирок «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен учактын арткы бөлүгүндөгү жүргүнчүлөр чыгууга үлгүрбөй калганын жазды.

Пикир

Оставить комментарий