• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мыйзам талаптарына шайкеш келген кыз-келиндердин диний окуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу бардык мыйзам талаптарга шайкеш келген кыз-келиндердин заманбап "Салиха" диний окуу борбору ачылды. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.

Бул мекеменин ачылыш аземине муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Максат Эгембердиевдер, мындан тышкары областтык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда аял затынын бүгүнкү күндө коомдо жана динде ээлеген орду, үй-бүлө куруу менен аны бекемдөөдө илим-билимдүү кыз-келиндерди тарбиялоо үчүн, мындай окуу борборлору керектиги айтылды.

Буга чейин мечит-медреселерди курууда чет өлкөлүк ишкерлер же уюмдар көмөк көрсөтүп келсе, жаңыдан ачылган “Салиха” окуу борбору тургундардын демилгеси менен ишке ашып жатат. Аны демөөрчүлөр, жергиликтүү бийлик жана Жогорку Кеңештин депутаттары колдоого алган.

Бул окуу борборунда билим алуу үчүн аялдардын жаш өзгөчөлүгүнө чектөө коюлбайт. Диний жана дүйнөлүк билим берүү менен катар, бош убактыларын туура пайдалануу үчүн бир катар кошумча курстар каралган.

Пикир

Оставить комментарий