• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Авиаучуулардын коопсуздугунун камсыз кылып, авиажүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл

Президент 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн жарандык авиациясынын ардагерлери менен жумушчуларын жарандык авиациянын 85 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ардагерлери жана жумушчулары!

Сиздерди жарандык авиациянын 85 жылдык мааракеси менен куттуктайм.

Азыркы учурда авиаучуулардын географиясын кеңейтүү, жаңы линияларды көбөйтүү, ошондой эле „Ош“ жана „Манас“ аэровокзалдык комплекстерди кеңейтүү боюнча жакшы иштер жасалууда.

Жарандык авияцияны өнүктүрүү — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик приоритеттүү тапшырмалардын бири болуп белгиленген. Авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү үчүн аба мыйзамдарын либералдаштыруу аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Мамлекетибиздеги жарандык авиациянын өнүгүү жолу ардагерлердин эмгеги жана чыгармачылык мамилеси менен тыгыз байланышкан. Эл аралык авиациялык талаптарды сактоо менен авиакаттамдар рыногунда атаандашуу үчүн авиаторлордун азыркы мууну зор салым кошуп жатат.

Аэропорт инфраструктурасын модернизациялоого, авиаучуулардын коопсуздугунун камсыз кылууга, авиажүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатууга Кыргызстандын авиаторлору өзүнүн бардык күч-аракеттерин жумшайт деп терең ишенем.

Алдыдагы пландардын ийгиликтүү ишке ашышына Сиздердин ак ниет эмгегиңер кепилдик берет.

Сиздерге чың ден соолук, ийгилик жана бактылуу турмуш каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий