• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: БА тарыхый жактан диний сабырдуулуктун, улуттар аралык толеранттуулуктун аймагы болгон

Президент 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. “Бүгүнкү жолугушуу достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерибизди жаңылап, активдештирүүгө кызмат өтөйт. Өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди мындан дагы жакындаштырууга багытталган жалпы умтулуубузга жаңы дем берет”, -деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусунда. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын жолугушуусу достуктун, тынчтыктын жана жаңылануунун символу – Нооруз майрамынын алдында өтүп жаткандыгы жакшы жышаан экендигин белгиледи.

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге меймандостугу жана Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.”Бүгүн Астанада азыркы кырдаал жана аймактык кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү”, -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

“Бүгүн биздин алдыбызда өлкөлөрүбүздүн элдеринин бакубатчылыгы үчүн аймактык кызматташууну жаңылап түзүү милдети турат. Муну Борбордук Азия өлкөлөрүнүн азыркы муунунун кызыкчылыгы үчүн гана эмес, келечек муун үчүн дагы жасашыбыз керек. Ошондуктан мен Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромоновичтин Борбордук Азия өлкө башчыларынын жолугушууларын үзбөй өткөрүү тууралуу демилгесин зор канааттануу менен колдодум. Мамлекет башчыларынын жолугушуулары Борбордук Азия өлкөлөрүн өз ара интеграциясына гана кызмат кылбастан, дүйнөдө биздин региондун ролун жана ордун жогорулатууга дагы өбөлгө түзөт деп эсептейм”, -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент эгерде өлкөлөр бардыгы бир позицияда болсо, региондогу ар бир өлкөнүн мааниси улам өсөөрүнө ишенимин билдирди. ”Региондун өлкөлөрүнүн стратегиялык кызыкчылыктары дал келет, элдер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын шарттарында биргелешип өнүгүүгө тийиш. Мындан дагы тыгыз маданий, экономикалык байланыштар ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот”, -деген ишенимин билдирип, Президент Сооронбай Жээнбеков тарыхый жактан Борбордук Азия региону ар дайым диний сабырдуулуктун, улуттар аралык толеранттуулуктун аймагы болгондугун баса белгиледи. Экстремизм бул өлкөлөрдүн элдеринин менталитетине жат болгон.

“Биз терроризмге менен экстремизмге, ошондой эле башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турушубуз зарыл. Кыргызстан коопсуздуктун бирдиктүү мейкиндигин калыптандырып, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу боюнча биргелешкен аракет көрүүнү колдойт”, -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө аймактын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Биз соодадагы азыркы тоскоолдуктарды жана бюрократиялык шарттарды кыскартуу аркылуу өлкөлөр ортосунда товарлардын жана кызматтардын эркин жылып жүрүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Эркин транзиттик коридорлорду түзүү, жүргүнчүлөрдү, жүк ташууларды жана өлкөлөрүбүздүн территорияларында уруксатсыз негизде транзитти ишке ашыруу максатка ылайык”, -деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Анын пикири боюнча эл аралык автомобиль жана темир жолдорун, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Ошону менен бирге эл аралык транзиттик ташууларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жалпы инфраструктураны жакшыртуунун мааниси чоң.

“Суу-энергетикалык кызматташуу мааниге ээ. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жалпы аймакты туруктуу өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Өлкөлөрүбүз суутек ресурстарын жана гидроэнергетикалык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камтыган олуттуу энергетикалык потенциалга ээ. Ошондуктан биз суу-энергетикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташууну жөнгө салууну колдойбуз”,- деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан быйыл бир катар маданий-спорттук иш чараларды өткөрүүнү, тактап айтканда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүнү болжолдоп жаткандыгын айтып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку мартабалуу меймандарын аталган олуттуу иш чараларга келип кетүүгө чакырды.

Сөзүн жыйынтыктап келип, Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын жолугушуусу үзгүлтүксүз негизде өтөөрүнө ишенимин билдирип, жолугушуулардын негизги максаты аймакты комплекстүү жана ар тараптуу өнүктүрүү болуп калаарын баса белгиледи. “Бүгүнкү жолугушуу күн тартибинин бардык маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташууга олуттуу жакшы дем берет деп ишенем”,- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий