• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стандарттуу эмес, бирок айымдар үчүн абдан кызыктуу жылдыз төлгө

Дүр дүйнө 0

Көптөгөн адамдар алардын жылдыз белгсинин мүнөздөмөсү алардын кулк-мүнөзүнө дал келбестигине нааразы болуп келишет.

Балким, сиз бул 12 психотиптен кыйла так мүнөздөмө табат чыгаарсыз. Окуп көрүңүз!

Булардын ар бири жылдыз белгиге байланыштуу, бирок туулган күнгө тиешеси жок.

Бул жылдыз төлгө эмне үчүн аялдар туулган күнү боюнча Бийкеч болуп туруп, Арстандын мүнөзүнө ээ болушарын түшүндүрөт. Көңүл коюп окуп, өзүңүздү табыңыз.

1. Бороон - Аял (Кой жылдызынын психотиби)

Булар эркин, туруксуз жана болжоп болбогон инсандар. Бороон - Аялдар бир заматта өздөрүнө көпчүлүктүн көңүлүн бура алышат. Мындай чымын куюн менен беттешүүнүн кесепетин күн мурдатан элестетүү мүмкүн эмес. Мындай аялдар менен тобокелдикке баруудан коркпогон гана мырзалар мамиле кура алышат.

2. Чемодан - Аял (Букачардын психотиби)

Алар жыйып-терүүнү жакшы көрүшкөндүктөн эч качан эч нерсени ыргытышпайт. Чемодан – Аялдар турмушта “качандыр бир пайдасы тиет” деген девиз менен алга умтулушат. Алар үчүн чыныгы көңүл ачуу – эс алуу күнү дүкөн кыдыруу. Ошондой эле бул типтеги аялдар өз күйөрмандарын топтогонду аябай жактырышат.

3. Калейдоскоп - Аял (Эгиздердин психотиби)

Алар абдан гармониялуу жана ачык, бирок, тилекке каршы, бардык эле адамдар алардын бул сапаттарын байкай алышпайт. Мындай сулуулар менен дайма өзүңдү жаш баланын туулган күнүндө жүргөндөй сезесиң. Алардын үй-бүлөлүк жашоосу – чурулдаган жана башаламан, бирок майрам!

4. Жамгыр-Аял (Чаяндын психотиби)

Алар болбогон себеп менен оңой эле ыйлап сала беришет. Анткен менен дээрлик долулук көрсөтүшпөйт. Жамгыр-Аялдар – эң кыялкеч келишет. Алар өздөрүнүн күнү боло турган адамды күтүшөт.

5. Байлык-Аял (Арстандын психотиби)

Алар ар дайым өз баасын билишет. Алардын жарыгы көз уялтат. Кээде мындай аялдар өтө эле текебер көрүнүшөт, бирок алар айланадагылардан гана эмес, өзүнөн да көптү талап кылышат. Аларды төрт дубалдын ортосуна камап болбойт – үйдө алар соолуп, кадимки шөкөт буюм сыяктуу эскиришет.

6. Органайзер-Аял (Бийкечтердики)

Алардын бардык кыймыл-аракети ирээттелип, тартип менен жазылып коюлган. Алар эрежеден алып таштоо дегенди билишпейт жана күтүлбөгөн жагдайларды араң көтөрүшөт. Бул аялдар ишенимдүү, нике үчүн жаралгандай. Алардын ишенимин алдабоо зарыл!

7. Тынч өрөөн-Аял (Таразалардыкы)

Алар Франциядагы лаванда талаасы сыяктуу бейпил жана тынч. Бул аялдардын жанында жаның жай алып, олуттуу көйгөйлөрүңдү унута түшөсүң. Алар жакындарына кандай болушса, ошондой, бардык кемчилик жана бөтөнчөлүктөрү менен кошо кабыл алууга даяр турушат. Көптөгөн мырзалар “Тынч өрөөн” жубайларын үлгүлүү жүрүш-туруштары үчүн чыныг байге катары эсептешет.

8. Коркунучтуу-Аял (Бөйөндөрдүн психотиби)

Алар готикалык тасмалардын каармандарына окшош. Бул айымдарда алгач абдан сестендирген бир нерсе бар, бирок алардын сыйкырлуу тартуу күчү мына ушунда турат. Коркунучтуу-Аялдар менен мамиле абдан кызыктуу жомок сыяктуу. Абдан коркунучтуу, бирок аягына чейин уккуң келет.

9. Канжар-Аял (Жаачынын психотиби)

Алар дамаск кылычы сыяктуу бекем жана курч. Өтө чынчыл, түз, заар тилдүү жана шылдыңчыл Канжар-Айымдар сөзгө сараң эместерге туура келишет. Алар менен чындыктан, дегеле эч нерседен коркпогон гана мырзалар жашап кете алышат.

10. Тоо-Аял (Текечердин психотиби)

Бул сулуулардын сүйүүсү жана жакшы мамилеси үчүн узакка, тынымсыз күрөшүү керек. “Тоонун чокусуна чыгуу үчүн” мырзага көп күч-аракет жумшоо керек болот. Бирок максатына жеткендер болсо, жеңиши абдан маанилүү болот. Анткени бул айымдар чыныгы бакыт тартуулай алышат.

11. Маяк-Аял (Сууперинин психотиби)

Бул айымдар менен чалгынга чыгууга болот. Алар үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок. Аларга каалаган учурда чалып, сыр чечишип же жардам сурай аласың. Алард маяктын жарыгы сыяктуу - берешен, боорукер жана жакшылыгы үчүн эч нерсе сурашпайт. Мындай жубайынын болушун көптөр кыялданат.

12. Орхидея-Аял (Балыктын психотиби)

Бул типтеги сулуулардын назиктиги алардын башкы өзгөчөлүгү. Аларга ар дайым кам көрүп, жашоонун өйдө-ылдыйынан коргоп туруу керек. Орхидея-Айымдар – күчтүү мырзалар үчүн чыныгы белек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий