• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондоруна барды

Президент 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков региондорго жумушчу сапарларын улантып, бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондоруна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва районунда логистикалык борбордун иши менен таанышты.

Жайыл районунда Мамлекет башчысы Молдосанов атындагы орто мектебинин спортзалынын ачылышына катышты.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун Бишкек-Кара-Балта участогунун 15-чи чакырымындагы курулуш иштери менен таанышты.

Маалыматты транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов беришти.

Жол Азия Өнүктүрүү Банкынын каражатынын эсебинен курулуп, 2020-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий