• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков донор уюмдары жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү талкуулады

Президент 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун донор уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуусу Мамлекет башчысынын сөзү менен башталды.

Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен кечэ 2018-2040 жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясы бекитилгенин белгиледи. Мамлекет башчысы 2040 Улуттук Стратегиясы орто мөөнөттүү бир катар мезгилдерден турган этап этабы менен планды ишке ашыруу келечегин болжолдой турганын өзгөчө белгиледи. Документте 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн приориттетери өзүнчө блокко биринчи этап катары киргизилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи этаптын приоритеттүү тапшырмаларына кененирээк токтолду. Алдыдагы беш жылда чечүүнү талап кылган негизги тапшырмалардын бири адилеттүү сот бийлигин орнотуу экени белгиленди.

Алдыдагы беш жылда бардык калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлду. Аймактык саясаттын приоритеттери калктуу пункттардын инфраструктурасын жакшыртуу болот. Ошондой эле аймактарды бириктирген инфраструктураны санариптештирүү программасы ишке киргизилет.

2023-жылга чейинки негизги приоритет катары энергетика, тоо кендерин иштетүү жана өнөр жайы, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм тармактары саналат.

Чакырылгандарга кайрылып, Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык донорлорду Кыргызстандын өнүктүрүү улуттук Стратегиясын ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы мындай жолугушууну 2019-жылдын жаз айларында дагы өткөрүү демилгесин жарыя кылды.

Жолугушууда Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабаза, БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору — өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кеңешинин тең төрагасы Озонниа Ожилео, Швейцариянын КРдагы элчиси-кызматташтык боюнча директору Вероника Ульманн, Европа биримдигинин өкүлчүлүгүн кызматташтык боюнча жетекчиси Шарлот Адриен, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы бюросунун жетекчиси Ярно Хабихт, ЮНИДОнун өлкөдөгү өкүлү Марат Усупов, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсен чыгып сүйлөштү.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн Өкмөтү менен натыйжалуу кызматташууга, мамлекеттик органдар менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү жөнгө салууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Өнөктөш уюмдар өлкөнүн Президенти менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мындай жолугушуулар зарыл экендиги жана өлкөнүн бийлиги менен кызматташууну кеңейтүүгө кошумча дем берээри белгиленди.

Түрдүү тармактарда кызматташуу маселелери боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чыгып сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий