• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу энелерге сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынын келген көп балалуу энелер менен жолугушту. Ошондой эле жолугушууга Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан кыргызстандык жаштардын апалары дагы катышты.

Мамлекет башчысы көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлап, ийгиликтүү жаш кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы жолугушуунун бардык катышуучуларын куттуктап, Энелер күнү — ар бир адам үчүн эң кымбат жана ыйык майрам экенин белгиледи.

Ал байыртадан ата-бабаларыбыз энелерди терең урматтап-сыйлаганын, аларды жаңы жашоонун башаты, үй коломтосунун куту деп абдан бийик баалап келгенин баса белгиледи.

"Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет». Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткан: «Мен бул дүйнөдө кандай бийиктикке жетсем, ал ийгилигиме энемдин салымы чоң», деп. Чындыгында Эненин орду коомубузда эбегейсиз зор. Эне — бул жашоонун символу. Эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон, эненин таалим-тарбиясын көргөн балдар эч качан жаман жолго барбайт. Мына ушундай балдар гана биздин мамлекеттин келечеги болот. Биздин негизги максат — энелердин социалдык кадыр-баркын эң бийик деңгээлге көтөрүү», &md ash; деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын бардык энелерине алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өлкөнүн бардык аймактарынан жолугушууга келген ар бир эненин ысмын ыраазычылык менен атап, өзгөчө кароосуз калган 128 баланы тарбиялаган жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповскаяны белгиледи.

Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон жаш спортчулар Жоламан Шаршенбеков жана Эрбол Бакировдун апалары Гүлнар Жумалиева жана Айнура Турабаеваны белгиледи.

»Атанын керээзи» тасмасы менен Монреаль гран-присин жеңген жаш режиссер Дастан Жапар уулунун энеси Айымкүл Дыйкановага, өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловдун апасы Светлана Садыркуловага жана чет өлкөдө эмгектенип, өзүнүн жасаган жакшы иши менен жалпы Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишовдун апасы Клара Тентимишовага ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков энелерге зор бакты-таалай, узун өмүр, балдардын сый-урматын көрүп, үй-бүлөлүк бакытка бөлөнүшүн каалады.

Эске салсак, Кыргыз Републикасынын Жарлыгына ылайык, 2019-жылы «Эне даңкы» медалы менен 470 эне жана «Баатыр эне» ордени менен 1135 эне сыйланды. Бүгүн, Мамлекет башчысынын колунан 9 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланып, 6 эне ыраазычылык каттарды алышты. Жолугушуунун бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинен символикалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий