• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Р.Матраимов кайра Бажы кызматына келиши мүмкүн, Жогорку Сот аны колдогон чечим чыгарды

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Жогорку Сот Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ошентип, Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы Матраимовду колдогон чечим чыгарып, Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген.

Кийин ал Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана премьер-министрдин тиешелүү буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Матраимов иштен мыйзамсыз алынган" деп тапкан. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий