• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолу: Төө-Ашуунун тоннелинде жол кырсыгынан беш адам жабыркады

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннелинде жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 18-майда Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде болгон.

Toyota Ist жана Mercedes-Benz унаалары кагылышып, натыйжада Toyota'дагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Куткаруучулар аларды тоннелден чыгарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Жабыркагандар Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes-Benz унаасындагы үч адам жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий