• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм.

Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп терең ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Иран элине — бакубатчылыкты жана өркүндөөнү каалайм!», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий