• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Казакстандын президенти Токаев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.

Кыргызстан жана Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.

Жээнбеков Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

«Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Биз кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Токаев.

Пикир

Оставить комментарий