• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 03.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу тууралуу пикир алышуу болгон.

Ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер талкууланган.

Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын белгилеген. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты турат.

Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

«2020-жылы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында облустарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деди президент.

Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы иш-чаралар каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берген.

Ал, президент белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий