• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Коронавируска байланыштуу кырдаал жакшырууда, бирок ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек

Президент 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. «Коронавируска байланыштуу кырдаал жакшырууда, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, илдет басаңдады, бирок экинчи толкун деген божомол бар, аны баарыбыз билип жатабыз, окуп жатабыз.

Аймактарда кырдаал оордоп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон, ал кооптонуу дагы эле бар.

Ал баса белгилегендей, кырдаал өзгөрүп кетүүсү мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдын алуу чараларын сактоо зарылдыгын эскертти.

«Натыйжалуу вакцина табылганча ар бирибиз гигиеналык жана санитардык эрежелерди сактоого милдеттүүбүз. Эрежелерди сактоо — ар кимибиздин милдетибиз. Мындан ары илдетти жайылтпоо ар бир жарандын коомдук, социалдык жоопкерчилигинде, кайдыгер болбоңуздар дейт элем», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ар бирибиз илдеттен өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, балдарыбызды сактаганды үйрөнүшүбүз керек.

«Ар бир адам өзүбүзгө кандай мамиле кылганды кааласак, башкага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Ошондо бул илдет менен күрөштө жеңебиз. Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, „сактыкка кордук жок“ демекчи, бул илдеттен коргонуу — ар кимибиздин өз колубузда. Буга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек», — деп радиоугармандарды чакырды Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий