• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пекинде кыргыз тарыхы жөнүндө Кытай жазма булактарын биргелешип изилдөө маселеси талкууланды

Президент 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту.

Мамлекет башчысы кытайлык достор менен жолугушуу ал үчүн дайыма жагымдуу экенин белгиледи. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 26 жыл болду, бул жылдар ичинде биргелешип көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, эки тараптуу мамилелер өнүгүп жатат.

“2018-жылдын июнь айындагы Кытайга мамлекеттик визит учурунда биз кытайлык артисттер койгон “Манас” операсын көрүп, айбай кубандык жана кыргыз маданиятына ушунчалык көңүл бурулуп жатканына ыраазыбыз. Кыргыз мамлекетинин тарыхын, элибиздин баскан жолун, бабалардын улуу мурасын билүү, сактоо жана аларды кийинки муундарга жеткирүү мамлекетибиздин жана илимпоздордун ыйык милдети. Биз үчүн Кытай жазма булактарын ар тараптан изилдеп, биздин мамлекетибизге тийиштүү маалыматтарды чогултуу абдан маанилүү. Элибиздин кылымдарды камтыган тарыхын биргелешип изилдөө эки өлкөнүн достук мамилелерин ого бетер бекемдейт”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Окумуштуу тарыхчы Тянь Бо кытай тарыхчыларынын 2018-жылы Кыргызстанга келип кетишкендерин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканын жана Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын эстеди.

«Ошондогу жолугушууда Сиздин кытай жазма булактарындагы кыргыз тарыхын изилдөөгө абдан кызыгарыңызды көргөнбүз. Биз “Мурас” фонду менен кызматташуу жөнүндө макулдаштык жана архив маалыматтарын биргелешип изилдей баштадык. Азыркы кезде эки багытта иш жүрүп жатат. Ал – “кыргыз” деген аталыш камтылган Европа өлкөлөрүнүн архивдериндеги документтерди жана кытай жазма булактарын изилдөө. Азыр документтер изилденип, маалыматтар топтолууда. Бул иште бизге кыргызстандык окумуштуу-тарыхчы Кубат Табалдиев жакшы жардам берип жатат», - деп айтышты Тянь Бо жана Ли Цзиньсю.

Тарыхчылар Бишкекте биргелешкен илимий конференция уюштуруп, «Саймалуу таш» жана «Балбал таш» кыргыз жазмаларын археологиялык жактан изилдөө жүргүзүүнү каалай тургандарын белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхы тууралуу кытай жазма булактарын биргелешип изилдөөгө кыргыз тарап кызыкдар экенин жана илимпоздорго көмөктөшө турганын баса белгиледи.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселесин 2018-жылы июнь айындагы КР Президентинин Кытай эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери талкуулашкан болчу.

Ошол эле жылдын август айында Кытай окумуштууларынын ушул эле тобу менен Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолугушкан.

Анда кыргыз тарыхына тийешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы “Мурас” фондуна кыргыз элинин тарыхына тийешелүү КЭРдеги архивдик булактарды изилдөө үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууну тапшырган.

Кыяс Молдокасымов 2019-жылы Пекинге барып, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын окумуштуу тарыхчыларынын жана булак таануучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө, табылган материалдарды биргелешип изилдөөгө, которуп жарыялоого, тарыхты терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий