• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоону активдештирүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнү сунуштады. Белгилей кетсек, бүгүн, 26-июлда Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү.

«Чек ара боюндагы райондордо биздин элдердин жашоо шарттарын жакшы билебиз. Бардык чечилбеген маселелерди билебиз жана жергиликтүү эл кыйынчылык тартпашы үчүн бардыгын жасайбыз. Биз биргеликте бардык маселелерди чечүүгө аракеттенебиз. Биздин чек аралардын тынчтыктын, достуктун жана ынак кошуналыктын дарбазасы болуусун каалайбыз. Чечилбей турган көйгөй жок деп эсептейбиз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекеттер башчылар сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Тажикстан Республикасынын Исфара шаарына багыт алышты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий