• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү – алдыңкы беш жылдын приоритети

Президент 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү процесси 2018-жыл менен гана чектелип калбайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков донорлор коомчулугу менен болгон жолугушуусунда белгилеп кетти.

Анын айтуусунда, аймактарды өнүктүрүү үчүн туруктуу өсүүгө шарт түзүү керек. “Бул процесс ушул жылдын аягы менен чектелбейт. Бул алдыңкы беш жылга болгон артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет. Аймактардын өз программаларын өнүктүрүү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрү жана каражаттары болуусу керек”, - деди ал.

Президент белгилегендей, аймактык саясаттын эң негизги багыты бул жер-жерлерде инфраструктураларды жакшыртуу.

“Ошондой эле аймактарды бириктирген инфраструктураны санариптештирүү программасы ишке киргизилет. Аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында ипотекалык кредит программасы ишке киргизилет”, - деп кошумчалады Жээнбеков.

Президент ошондой эле эң негизги милдеттердин ичинен “Таза суу” долбоорун ишке киргизүүнү атап өттү.

“Келээрки беш жылдын ичинде бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси алдыга коюлган. Эң негизги маселелердин бири 653 айылды, 26 райондук борборлорду жана 22 шаарды суу менен камсыз кылуу системасын куруу жана калыбына келтирүү. Ошондой эле ирригациялык тармактарды жана башка долбоорлорду куруу биз үчүн абдан маанилүү. Айылдарда жаңы кызмат орундарын куруу үчүн ирригация системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа ишке киргизилет. Анын алкагында 27 миң га жаңы сугат жерлер киргизилет”, - деп кошумчалады президент.

Жээнбековдун айтуусунда, жакыңкы мезгилде биринчи медико-санитардык кызматтарды жана биринчи медикалык жардамды жакшыртуу маселеси коюлган.

“Кайсыл жердин тургуну болгондугуна карабай, бардык жарандар үчүн медикалык кызматтар жеткиликтүү болот. Ошондой эле заманбап санариптик технологиялар, телемедицина жана онлайн-консультация кызматтары киргизилет”, - деп белгиледи өлкө башчы.

Жээнбеков кошумчалагандай, аймактарды өнүктүрүүдө аймактык башкаруу системасын кайра карап чыгуу керек.

“Ушул маселенин оптималдуу чечимин табуу үчүн менин жарлыгым менен жол картасы түзүү тапшырылган. Бардык тийиштүү органдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ өз ишин баштады”, - деп кабарлады президент.

Пикир

Оставить комментарий