• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусуна катышты.

Иш-чара жумушчу эртең мененки тамак форматында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстандын президенти – Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти – Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти – Шавкат Мирзиёев, түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын төрагасы — Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Жолугушуунун алдында президент Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Жыйынды Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин демилгеси менен бүгүнкү жолугушуунун өтүшү Германиянын Борбор Азия менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусу артып жатканын айгинелерин белгиледи.

“Мен германиялык тарапка көрсөткөн жылуу меймандостугу жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы аймактык форматын түзгөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Германия дайыма Борбор Азия менен диалогду активдештирүүнүн демилгечиси болуп келген. Сиздердин өлкө биздин аймактын жаш мамлекеттеринин көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. 2007-жылы Германиянын демилгеси менен Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча биринчи Стратегиясы кабыл алынган, ал биздин мындан аркы аймактар аралык кызматташуубузга негиз болгон. Бүгүнкү күндө биз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетип жатабыз. Биз бул демилгени учур талабы деп эсептейбиз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык коомчулуктун биздин регионго болгон кызыгуусу кыйла өскөнүнө көңүл бурду. Учурда Россия, Кытай, Индия, Перс булуңу өлкөлөрү менен аймактык форматта активдүү кызматташтык жүрүүдө.

“Бүгүнкү күндө Борбор Азия туруктуу экономикалык өсүшкө жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат. Ал көптөгөн пайдалуу кендердин түрлөрүнө, суу ресурстарына жана ар түрдүү энергия булактарына бай. Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы жагынан мамлекет башчысы соңку жылдардагы активдешүүнү баса белгиледи. Саясий деңгээлде, ошондой эле соода жана экономика тармагында оң динамика бар. Кыргызстандын экономикасына германиялык инвестициясынын көлөмү акырындап өсүүдө. Ошону менен бирге эки тараптуу потенциал али толук пайдаланыла элек. Кыргыз тарап немис ишкерлеринин өлкөнүн экономикасында активдүү катышуусуна ишенет.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен күн тартибинин бардык спектри боюнча Борбор Азия жана Германия өнөктөштөрүнүн конструктивдүү жана ачык демилгелерин жактарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий