• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ушул тапта ашуулардагы кардын бийиктиги канча? ӨКМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 2018-жылдын 1-ноябрына саат 09:00гө карата автоунаа жолундагы ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат беришти.

Ага ылайык, Бишкек-Ош авто унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабындагы 132-137 чакырымдарында 5-35 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Ал эми, Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, бул жерде да жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 2-10 см түзөт.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.

Пикир

Оставить комментарий