• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Мүмкүнчүлүк болоору менен мектеп, ЖОЖдорду ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз

Президент 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. «Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, мугалимдер шайлоого иштегени үчүн окуу процесси аралыктан болот экен деген суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат.

«Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат. Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го. Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр. Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетет деген ишенимин билдирди.

«Буйруса, жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок. Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол. Өлкө экономикасы жакшырса, фермер фермерлик иши менен, дыйкан талаачылык иши менен, саясатчы саясаты менен, айтор, ар ким өз иши менен алек болот», — деп баса белгиледи Президент.

Ал аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калкыбыздын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин белгиледи.

«Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Эң негизгиси — өлкөдөгү каражатты өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга бурдук», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул багыттагы аракеттер жыйынтык берерин айтты.

«Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары, туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганы тууралуу, бул жарандардын жана балдардын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук экенин кошумчалады.

«Эгерде балдарын алып, сейил бактарга, эс алчу жайларга барса — бул ошол ата-эненин жоопкерчилигиндеги иш. Ал эми мамлекет калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алып сала албайт», — деп баса белгиледи Президент.

Ал Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагып, кырдаал курч экенин айтып жатканын, айрым мамлекеттер кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышканын белгиледи.

«Кээ бир жерлерде инфекция менен күрөш дагы деле болуп жатат. Кээ бир мамлекеттерде балдардын оорусу чыгууда деп жатышат. Мына ушундай кырдаал бизди эле эмес, жалпы адамзатты кооптондурууда.

Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда. Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт. Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да.

Ошондуктан, Республикалык штаб бардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган. Мен да туура көрүп колдодум», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Билим берүү министрлиги абалды байкап туруп, анан чечим кабыл алууну сунуштаганын, азырынча дистанттык тартип сакталарын кошумчалады.

«Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек. Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий