• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБЭММАда шайлоонун алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5-сентябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА), ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук бөлүмдөрүнүн курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен элдердин биримдигин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде катышуучулар Кыргыз Республикасынын элдеринин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү учурдагы этностор аралык кырдаал жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан, ИИМнин, УКМКнын, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук бөлүмдөрүнүн курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана облустардын мусулмандар казыятынын казылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий