• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. 15-апрелде Э.Гареев атындагы шаардык Ботаникалык бакчада жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке шаар мэри Албек Ибраимов, КР ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, президенттин Аппаратынын башчысы Сапар Исаков, ошондой эле, президенттин аппаратынын, ЖК жана шаардык муниципалитеттин кызматкерлери катышышты.

Жалпы шаардык ишембилик санитардык абалды жакшыртуу, шаардын аймагын жакшыртуу жана жашылдандыруу, ирригациялык түйүндөрдү тазалоо максатында өттү. Ага менчиктик формасына карабастан, тиешелүү уюмдар жана мекемелер, ошондой эле, жеке жана көп кабаттуу турак үйлөрдө жашаган шаардыктар тартылды.

Мында ирригация түйүндөрүн, шаардык парктарды жана бактарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулду.

Урматтуу шаардыктар шаардык мэрия маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды жана даттанууларды төмөнкү телефондорго жөнөтүүнү өтүнөт:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (1-Май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.
Бишкек шаардык мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Эшатов Канатбек Советбекович - 51 18 61.
Ошондой эле, мэрия Бишкек шаарынын тургундарын ишембиликтерге жигердүү катышуу менен сүйүктүү шаарыбызды ирээтке келтирүүгө салым кошууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий