• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эл аралык ЖМКлар Кумтөр маселесинде Кыргызстанды колдошууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. «Кыргызстан эбегейсиз ири алтын кени үчүн айыгышкан салгылашууларды жүргүзүп жатат. Бирок, бул мамлекеттин колдоосу астындагы рейдпи же адилеттүүлүк салтанатыбы?».

Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болгондо коррупцияга жана муруңкулардын паракорчулугуна каршы күрөшүүнү убадалаган. Азыр БАдагы мурунку советтер республикасы өзүнүн ири активдеринин бири – «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууда.

Жапаров – мурдагы башкаруучулардын кыңыр иштерине каршы күрөшүүгө аракет кылган азыркы тарыхтагы жаңы лидерлердин бийликке келишинин жалгыз мисалы эмес. Нигериялык диктатор Сани Абачини мисалга алып көрөлү. Анын кантип өлгөнү тууралуу версиялары ар түрдүү – расмий түрдө жүрөк оорусунан көз жумган деп айтылса, расмий эмес версия боюнча аны сойкулар ууландырганы айтылып келет. Ал өлгөндөн кийин Нигериянын жаңы өкмөтү анын кызматта отурган учурунда уурдалган активдерди кайтарууга аракет кылып, ал тургай Швейцариядагы эсептерден 5 млрд долларды камоого алган. Бирок, Лагос 700 млн доллар короткон 15 жылдык сот процессинен кийин 600 млн доллар гана кайтарылып, ал эми 4 млрд доллар Абачанын үй-бүлөсүндө калган.

Дагы бир прецедент – Филиппиндеги бийликтин 1986-жылы бийликтен кулатылган диктатор Фердинанд Маркос уурдаган акчаны издөө тууралуу 35 жылдык дастан, Мубарактардын үй-бүлөлүк башкаруусунун 30 жылында уурдалгандар 80 млрд долларга бааланган. Жакынкы эле окуя – Түштүк-Африка Респу́бликасынын мурдагы президенти Жейкоб Зуманын жана анын ишкер шериктештеринин, анын ичинде индиялык миллиардер Гуптанын үй-бүлөсүнүн дүйнө жүзү боюнча ЖМКларда, анын ичинде CNNде жана Би-Би-Сиде кеңири жарыяланган коррупция иши.

Россия дагы жабыркаган – анын калкы жана мамлекети 150 млрд доллардан ашык жоготууга учураган. Бирок, бул учурда кеп бийлигинен кыянаттык менен пайдаланууда эмес. Бул акчалар 2 миңден ашык банкрот болгон банкттар каржылары аркылуу уурдалып, Кипр, Литва, Эстония, Латвия, Белиз жана башка оффшордук борборлор аркылуу батыш финансы мекемелерине жана фонддоруна уурдалып которулуп кеткен.

Булак: RT

Пикир

Оставить комментарий