• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Алиев дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына карата телеграммалар менен алмашышты

Президент 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кыргыз-азербайжан мамилелери салттуу достукка, тарыхтын, маданияттын жана руханий баалуулуктардын окшоштуктарына негизденген. Чейрек кылымдын аралыгында өлкөлөрүбүз саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда натыйжалуу кызматташууну жөнгө салды. Кыргызстан менен Азербайжан регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкактарында ийгиликтүү өз ара кызматташып жатат. Кыргызстан Азербайжан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну өлкөлөрүбүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар”, -деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президентине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми бир тууган азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жалпы руханий жана маданий баалулуктары бар эки элдин эркине негизденип тургандыгын белгиледи.

“Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери бул мамилелер өнүгүүнүн узак жолун арытып, жаңы мазмунга ээ болду. Эки тараптуу мамилелердин алкагында дагы, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында дагы бүгүнкү ийгиликтүү кызматташуубузду канааттануу менен белгилеп коюуга болот. Биргелешкен аракеттер менен өз ара ишенимге жана колдоого негизденген мамлекеттер аралык мамилелерди жана кызматташууну мындан ары чыңдаганга жана кеңейтүүгө жетишебиз деп ишенем”, -деп белгиленет Азербайджандын Президентинин куттуктоосунда.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго ден-соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгилик, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий