• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргыз Республикасында Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын каржылоо үчүн жеңилдетилген финансы каражатын берүүдө.

Программаны жүзөгө ашырууга финансылык колдоо көрсөтүүгө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири катары чыккан Бүткүл дүйнөлүк банк 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү грант түрүндө жана 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит түрүндө (кредит ЭӨАнын стандарттуу шарттарында, 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, жалпы 38 жылдык мөөнөткө берилет, жылдык 0,75% пайыздык ставка менен) каражаттарды бөлүп берет.

Пикир

Оставить комментарий