• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин бүгүн, 28-мартта сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Андан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Бириккен Россия аскердик базасынын статусу жана болуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы Протокол.

Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу.

Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен Россия Федерациясынын экономика министрлигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Россия Федерациясынын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу Макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы менен Россия Федерациясынын транспорт министрлиги, «Россия темир жолдору» ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Россия Федерациясынын спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын улуттар иши боюнча Федералык агентигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети менен Россия Федерациясынын «Газпром» ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы.

ВТБ банкы менен «Группа Альянс» ААК жана «Альянс Алтын» ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен Россиянын түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

«Астра Солар» ЖЧК, «Хэвел» ЖЧК менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө Меморандум.

Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021 жылдарга кызматташтык жөнүндө Жол картасы.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Россиянын ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын Президенттинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясы менен Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы эл чарба жана мамлекеттик кызмат Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Пикир

Оставить комментарий