• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтык маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, КР президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Ошондой эле мамлекет башчылары кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелеринин оң динамикасы өзгөчө белгиленди.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден куттуктоо телеграммасын алган.

Пикир

Оставить комментарий