• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда Кыргызстанга Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга келген Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков ардактуу мейманга «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин жана көптөгөн чет элдик меймандардын азыркы учурдун көрүнүктүү жазуучу-гуманисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган Форумга катышуусу учурда көтөрүлүп жаткан дүйнөлүк маселелердин актуалдуулугун дагы бир жолу ырастап турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Монголиянын мурдагы президенти бул иш-чаранын дүйнөнүн элдерин жакындатуу жана учурдун актуалдуу талаптарын чечүүдөгү маанисин белгилеп, улуу жазуучуга арналган форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

«Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана чыгаан уулу болбостон, дүйнөнүн бардык көчмөн элдеринин сыймыгы болгондуктан, мен бул Форумга катышууну өз милдетим деп эсептедим», — деп белгиледи Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаяр.

Пикир

Оставить комментарий