• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Москвада Александр Масляковго “Достук” орденин тапшырды

Президент 0

Москва, 29.11.17/Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков КВН телепрограммасынын алып баруучусу жана жетекчиси Александр Васильевич Масляковго “Достук” орденин тапшырды.

Тапшыруу аземи Москвада Мамлекет башчысынын Россияга болгон иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү.

Масляков Кыргызстандын президентине ыраазычылык билдирип, бул сыйлык айрыкча КРдин жаш жигиттеринин сыйлыгы экендигин айтты.

“Мен бактыга жараша сиздердин өлкөдө бир нече ирээт болгонмун. Биз бир мамлекет болуп турган кезде жана КР көз карандысыздыкты алганда. Жигиттер көптөгөн сыналгы долбоорлоруна катышып жүргөндөрү эсимде. Бир нече жыл мурда сиздердин өлкөгө барып, таланттуу жаштар абдан көп экендигине ынанганмын”,-деди ал.

Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде Масляковду өтүп кеткен өздүк майрамы менен куттуктады.

““Достук” ордени достук деп которулат. Ал сизге Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымыңыз үчүн берилип жатат”,-деп билдирди КР президенти.

Жээнбеков Масялковго КВНдин кийинки жайкы кубогун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады.

Александр Масляков бул абдан жакшы ой экендигин билдирип, Ысык-Көлгө бара электигин кошумчалады. Масляков бул сунушту ойлонуп көрө тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-ноябрында КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Александр Васильевич Масляков «Достук» ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий