• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКда 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы чогуу каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

2-окуудагы өлкө бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 млрд 398 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 140 млрд 882 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 129 млн сомду жана 144 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 161 млрд 149 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.

Андан тышкары, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган.

Комитет төрагасы мыйзам долбоору 2-окууда тармактык комитеттерде кароодо Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев өңдүү бир катар депутаттардан бюджеттин тартыштыгынын көлөмүн кыскартуу боюнча сунуштарды бергендигин маалымдады. Ошону менен катар Таабалды Тиллаев көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иштерди жүргүзүү керектигин, ал үчүн салык, лицензия, эмгек маселелерин оптималдаштыруу, бизнес жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, банк тутумундагы мыйзамдар татаал экендиги, аларды кайра карап, жеңилдиктер каралышы, банктардын санын көбөйтүү маселелери айтылды.

Учурда республикалык бюджетке байланыштуу суроо-жооп болууда.

Пикир

Оставить комментарий