• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барды

Президент 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда расмий сапар менен Казакстан Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто Кыргыз Республикасынын Президентин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Аскар Мамин, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин, Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу дагы болжолдонгон.

Пикир

Оставить комментарий