• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Россия Федерациясынын Кыргыз Републикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Мамлекет башчысы 40тан ашуун адам курман болгон Шереметьево аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Биз Россиянын эли менен бирге кайгырып жатабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Биз сиз менен улуу майрамдын — Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгынын алдында жолугушуп жатабыз. Биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз каармандыкты, кажыбас кайраттуулукту, өз өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын жана Мекенге болгон чексиз сүйүүсүн көрсөтүшкөн. Биздин элдерди кан майданда салгылашкан жоокерлердин эрдиги жана ооруктун эмгекчилеринин каармандыгы менен сыймыктануу сезими бириктирип турганын далилдеген ачык мисал — бул "Өлбөс полк" акциясы. Кыргызстанда бул мыкты акцияга жыл сайын 10 миңдеген жарандар к атышат, бул жылы дагы акция өлкөнүн бардык жерлеринде өтөт», — деп белгиледи Президент.

Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Николай Удовиченко Сооронбай Жээнбековго Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Жеңиш Күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

Ал Элчи катары аткарган жумуштарын, анын алкагында республиканын аймактарына барып жатканын айтып берип, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын белгиледи.

Жээнбеков жана Элчи Николай Удовиченко президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы Кайчылаш 2020-жылдын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу жана ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУнун Саммити боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий